Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-экономикалык факультетинде 17-ноябрь — Эл аралык студенттер күнүнө карата ата-энелер менен биргеликте уюштурулган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
«Студент — келечек, ата-эне — таяныч, университет — мүмкүнчүлүк» аттуу иш-чарага университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к., доцент Назира Тилекова, юридика-экономика факультетинин деканы, ю.и.д., профессор Алмагүл Кокоева, ошондой эле окутуучулар жамааты, студенттер жана ата-энелер катышты.
Жыйындын расмий бөлүгүндө жетекчилик студенттерди майрамы менен кызуу куттуктап, билим алуудагы ийгиликтерге ата-эне менен окуу жайдын тыгыз кызматташтыгы чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө окууда, коомдук иштерде жана спортто алдыңкы ийгиликтерди жараткан студенттерге Ардак грамоталар ыйгарылды. Ошондой эле татыктуу тарбия берип, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган жаштардын ата-энелерине факультеттин атынан ыраазычылык каттар тапшырылды.
Майрамдык кече таланттуу студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.



