Эл аралык мамилелер

6-декабрь күнү Юридика-бажы факультетинин деканы ю.и.д., профессор Көкөева Алмагүл Мухтарбековна эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча университетибиздин проректору ф.и.д., профессор Балтабаева Аида Тынайбековнанын жетекчилиги менен Өзбекистан Республикасынын Андижан Мамлекеттик Педагогикалык Институтуна ӨР Конституциясынын 31 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык илимий практикалык конференцияга катышып келди.
КӨЭАУнун жетекчилигине жана Аида Тынайбековнага факультеттин эл аралык мамилелерин чыңдоодо жана тажрыйба алмашуу, квалификацияны жогорулатуу боюнча колдоп, шарттарды түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.
___________________________________________________