КАФЕДРАНЫН ТАРБИЯЛЫК — МАДАНИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Кафедранын тарбиялык- маданий ишмердүүлүгү

«Жеке укуктар»  кафедрасы бир гана окуу процессин аркалабастан, жаш студенттердин аң-сезиминин өнүгүп- өсүүсүнө түздөн-түз таасир берүүчү маданий-эстетикалык иш-чараларды уюштуруп келет.  Кафедрада тайпа кураторлору жадыбалдын негизинде  тайпага куратордук-тарбиялык саат өтүшөт. Кафедра студенттердин шартын жана абалын эске алуу максатында студенттер  менен жалпы жана жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Окутуучулар жана студенттер факультеттин,  университеттин,  шаардын   уюштурган ар кайсы багыттагы иш чараларына активдүү катышышат. Таланттуу жана спортко шыктуу студенттерди  кафедра өзгөчө эске алып ар тараптуу  колдойт.   Маданий жана тарбия иштеринин негизги максаты татаал шарттагы заманбап коомубузда инсандын өз ордун табуусуна, анын ар тараптуу өнүгүүсүн калыптандырууга багытталган. Бул иштердин негизги идеясы приоритеттүү гумандуулук баалуулуктарды, маданий мурастарды, элдик салт-санаалардын булактарын, адамзаттын улуулук, нравалык байлыктарын активдүүлүк менен жаштарга жеткирүүгө негизделген.

«Жеке укуктар»  кафедрасы жана студенттери  маданият жана чыгармачылыкка арналган кечелерге активдүү катышышат.  «Студенттер күнү»,  «Диплом ыйгаруу кечеси», «Мугалимдер күнү»,  «Улуу Ата-мекендик жениш күнү»,  «Жаңы жыл», «Нооруз»,   ж.б.  шоу программалар, концерттер жана сынактар өткөрүлөт.

   Кыргыз-Өзбек Университетинин  түзүлгөндүгүнүн                               

  25 жылдыгына карата түзүмдөр аралык «Устат шакирт» кароо сынагына.Кафедра  лаборанты Турдугул кызы Назгүл  жана  Юб-17 тайпасынын  студенти  Аманов  Баястан 1-орунга  ээ  болушкан.