Окуу-усулдук иштери

Окуу-усулдук иштер

Юридика-бажы факультетинде окуу процессин максаттуу ѳнүктүрүүнүн негизги багыты окуу-усулдук иштердин жогорку деңгээлде уюштурулушу аркылуу иш жүзүнѳ ашырылат. Кадрларды даярдоодо, окуу процессин эффективдүү жүргүзүү, окуу усулдук иштердин сапаттуу жүрүшү үчүн окутуучулар тарабынан окуу программалары, усулдук комплекстер, окуу адабияттары, модулдук план, силлабустук программалар, усулдук каражаттардын жаңы интерактивдүү технологиялык коом талабына ылайык иштеп чыгуулары талкууланып, окуу процессинде колдонулуп жатат.
Усулдук иштер окуу процессин жүргүзүүдѳ негизги ролду түзгѳндүктѳн усулдук иштерди талапка ылайык аткаруу максатында факультетте окуу-усулдук кеңеш иш алып барат.
Усулдук кеңеште профессордук-окутуучулар жамааты тарабынан иштелип чыккан окуу программалары, окуу-усулдук комплекстери, сабактардын окуу-тематикалык пландарын түзүү, студенттерге сапатттуу билим берүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу, ѳздүк чыгармачылык темалары, курстук жана дипломдук иштердин темалары, жеке китептердин жазылышы, чыгарылуусу, окуу-усулдук электрондук колдонмолорду талкулоо, лекциялык жана практикалык сабактарды ѳтүүдѳ интерактивдик материалдарды колдонуудагы ѳзгѳчѳлүктѳр, интерактивдик окутуунун технологиясын, жаңы маалыматтык технологияларын иштеп чыгуу менен Университеттик усулдук кеңешке сунуштоо сабакта колдонууга багыт берүү ишмердиктери жүргүзүлүп турат.