Факультеттин тарыхы

Факультет боюнча тарыхый маалымат

Юридика-бажы факультети, КРнын Билим берүү мыйзамы, КР Өкмөтүнүн  №346 токтомундагы факультет жөнүндөгү жобого ылайык, университеттин уставы, негизги ички жоболору,  окуу-усулдук, тарбиялык, илимий иштер боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө 1994-жылы Кыргыз-Өзбек жогорку колледжинде орто квалификациядагы (атайын орто билимдүү) юристтерди даярдоочу  «Административдик-укуктук ишмердүүлүк» адистиги ачылган.1996-жылы орто звенодогу юристтерди даярдоо  үчүн  өз алдынча «Социология жана укук»  бөлүмү түзүлгөн. Бул бөлүмдүн базасында, Юридика-бажы факультети  К-ӨУнин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен 1997-жылдын декабрь айында  түзүлгөн. Факультет түзүлгөндөн тартып, ф.и.к., Сарыкова А.А., Ахунов А.П., ю.и.к., Пустовалова И.Н., Б.Л.Тольбаевдер   жетектеген. Учурда ю.и.д., профессор Көкөева Алмагүл Мухтарбековна жетектөөдө. Факультет уюштурулган мезгилден тартып илимдин көрүнүктүү кандидаттары Токторов Э.С., Джумабекова Б.Н., Акбаров Р.Г., укук коргоо органдарынын практик-кызматкерлери милициянын  полковниги Матмусаев А.Н., Расаходжаев Б.Г., Ходжаев М.У., Франкив Н.Ю.,  Джумабекова Р.Д.,  Самиева В.Н., Романова Е.А., Акпарова А.Т., Калыбаев А., И.А.,И.А.Курочкиналар   эмгектенишип, факультеттин түптөлүшүнө салымдарын кошкон. 1997-жылдан тартып тарыхый, өзгөчө татаал жолду басып өтүү менен жаркын келечектүү өнүгүүгө багыт алган факультет   «Мамлекеттик укуктук сабактар», «Жеке укуктар»  кафедраларын, соттук отурумдар залын, «Криминалистика» окуу каанасын, «ТОКТОМ» маалыматтык укуктук борборун, эки компьютердик кааналарын камтуу менен  юриспруденция  жана бажы иши адистиги боюнча жогорку билимдүү студенттерди даярдап чыгарууда. Биздин негизги максат жогорку билимдүү юриспруденция жана бажы иши тармагындагы коомдун талабына ылайык мамлекетибиздин укуктук калыптанышына, укуктук саясатты ишке ашырууга салым кошо турган  жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыгаруу.