Окуу-усулдук, илимий ишмердүүлүгү

«Жеке укуктар» кафедрасынын окуу процесси адистиктерге карата белгиленген окуу планына жана окуу департаменти тарабынан бекитилген окуу процессинин графигинин негизинде иш алып барат. Кафедрада «Юриспруденция» жана «Бажы иши» адистиги боюнча түзүлгөн окуу планы мамлекеттик билим берүү стандартында каралган талаптарга жооп берет жана анын негизинде пландагы бекитилген сааттар аткарылып келүүдө. Окуу планы боюнча «Жеке укуктар» кафедрасына тиешелүү сабактар кафедранын окутуучулары тарабынан окутулуп, студенттер тарабынан жакшы денгээлде өздөштүрүлөт. Окутуучуларга тиешелүү сабактар боюнча жумушчу программаларды, окуу-усулдук колдонмолорду иштеп чыгышат жана ABN маалымат программасына жүктөлөт. Студенттерге өтүлгөн сабактын программасы боюнча тесттик, модулдук, текшерүү жана сыноо-сынактык суроолор берилет жана бааланат. Өздөштүрүүдөгү жетишбеген студент менен кафедра ар тараптуу педагогикалык ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

Илимий конференцияда.

Кафедра усулдук кенештик отурум учурунда

Кафедра коом талабына ылайык модулдук рейтингдик системада иш алып барууда. AVN маалымат программасы тарабынан түзүлгөн жадыбалдын негизинде рейтинг уюштурулуп, рейтинг журналы өз убагында толтурулуп турат. Рейтингдин жүрүшү кафедра башчысы жана деканат тарабынан үзүлтүксүз көзөмөлгө алынып, студенттер тиешелүү жыйынтыктар менен өз убагында тааныша алат. Студенттердин модулдук – рейтинг системасын өз убагында ийгиликтүү тапшырып келүүдө, жыйынтыктар боюнча AVN маалыматтык программасынан кеңири тааныша аласыздар.

Кафедрада студенттердин өз алдынча иштөөсүнө окуу планы боюнча сааттар каралган. Студенттер өз алдынча иштөөсүн сабактан сырткары убакта факультеттин, университеттин, шаардык же областтык китепканаларында жана «ТОКТОМ» маалыматтык борборунда,каыфедра тарабынан түзүлгөн ийримде,кеңири иш алып барууда.Сабактарга коллективдүү катышуу жана өз ара катышуу кафедрада жолго коюлган . Сабактар жыл башында түзүлгөн графиктин негизинде өткөрүлөт. Катышуучулар өтүлгөн сабак боюнча өз ойлорун ачык айтып, кенири талкууга алышып келет. Өз ара сабакка катышуунунун натыйжасында окутуучулар усулдук тажрыйбаларды арттырууда.

“Жеке укуктар” кафедрасынын негизги илимий багыты укуктук мамилелердин өнүгүшү жана маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн негизинде кадрларды сапаттуу даярдоого жана укуктук илимди өнүктүрүүгө салым кошууга багытталат. Илимди өнүктүрүүгө, жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн эмгектенүү аракетинде. Кафедра төмөндөгүдөй илим изилдөө ишмердүүлүктү жүргүзүүдө:
Аймактагы, университет аралык жана эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышуу, илимий-практикалык конференцияларда баяндамаларды жасоо:
Илимий талкууларга жана тегерек стол, семинарларга катышуу, баяндамаларды жасоо;
Илимий баяндамаларды басып чыгаруу;
Илимий тегерек стол, лекция окууну уюштуруу, өткөрүү
Кафедрада ПОЖ тарабынан бир катар илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп,илимий эмгектер жазылып,студенттерге билим берүүдө колдонулуп жатат.

Юридика-бажы факультетинин бүтүрүүчү  курстары  менен практиканын  отчёту.