Бүгүн, 13-март күнү Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында ИИМдин укук коргоо багытында аткарып жаткан иштери, коомдук коопсуздук маселеси, кылмыштуулуктун алдын алуудагы коомчулук менен укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттери боюнча “Коопсуз өлкө-туруктуу келечек” деген аталышта форум болуп өттү.
Форумга Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору О.Урмамбетов баштаган ИИМдин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ЖОЖдордун ректорлору катышты. Мында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган баяндамалар жасалып, резолюция кабыл алынды. Соңунда ИИМдин укук коргоо багытында аткарып жаткан иштерине ар тараптуу колдоо көрсөткөндөр Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медалы менен сыйланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *