Республикалык көчөт отургузуу акциясы
Бүгүн, 5-апрель күнү, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар аралыгында тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө” жарлыгынын негизинде чыгарылган Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, айлана-чөйрөнү таштанды калдыктарынан тазалоо жана көчөт отургузуу саамалыгы уюштурулду.
Аталган саамалыкка университеттин жетекчилиги дагы катышып, окуу жайдын короосуна көчөттөр отургузулду. Бул иш чарага кайдигер карабаган ыктыярчы студенттер жана окутуучулар университетке канатташ жайгашкан Сулайман -Тоонун айланасында ташталган таштанды-калдыктарын тазалоого жигердүү катышты. Табияттын тазалыгын сактоо максатында уюштурулган бул саамалык эртең дагы уланат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *