КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
Б. Сыдыков атындагы
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ
МААЛЫМАТ КАТ
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети (КӨЭАУ) 2024-жылдын 12-апрелинде тарыхый Ош шаарында, биринчи ректор, КР УИАнын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор жана көрүнүктүү коомдук ишмер М.Т. Мамасаидовдун 75 жылдыгына арналган “Санариптештирүү доорунда колдонмо жана фундаменталдык илимдеринин актуалдуу көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны уюштуруп жаткандыгын маалымдайт.
Конференцияга төмөнкү тематикалык секциялар боюнча баяндамалар кабыл алынат:
1. Механиканын жана тоо-кен машиналарын таануунун көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары;
2. Инновациялык технологиялардын жана альтернативдик энергетиканын өнүгүү перспективалары;
3. Табигый-математикалык илимдеринин бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары;
4. Укуктун жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүдө санариптик технологиялардын жана инновациялардын ролу;
5. Адам, коом жана илим: интеграцияны өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана перспективалары;
6. Ааламдашуу жана санариптик трансформация шартында инженердик билим берүүнүн көйгөйлөрү.
Конференцияга катышуу үчүн 2024-жылдын 15-мартына чейин https://kumu.kg сайтында жайгаштырылган катышуучунун каттоо формасын толтуруу же уюштуруу комитетинин дарегине секцияны көрсөтүү менен катышуу жөнүндө өтүнмөнү жана баяндаманы (макаланы) жөнөтүү керек. Конференциянын материалдары “Илим. Билим. Техника” эл аралык илимий журналында (ISSN 1694-5220) жарык көрөт. Журнал РИНЦ системасында индекстелет жана диссертациялык иштердин жыйынтыктарын жарыялоо үчүн КРП УАКтын сунушталган илимий-мезгилдүү басылмаларынын тизмесине кирет.
Конференцияга материалдарды (макаланы) берүү эрежелери:
Өзгөчө көңүл макаланын мазмунуна жана жасалгаланышына карата талаптарга, стилдин айкындуулугуна жана кыскалыгына, материалды баяндоодогу тактыкка жана ырааттуулукка бурулушу керек. Макаланын жазылышына коюлган талаптар “Илим. Билим. Техника” журналынын not.kg сайтындагы “талаптар” бөлүкчөсүндө берилген.
Макаланын кол жазмасы структуралык түрдө төмөнкүдөй ырааттуулукта таризделет:
1. УДК (универсалдуу ондук классификациянын таблицалары боюнча индекс)- жогорку сол жагында жайгашкан;
2. Автордун (авторлордун) аты-жөнү, окумуштуулук даражасы жана наамы, кызматы, уюмдун аталышы – жогорку оң жакта жайгаштырылат;
3. Макаланын аталышы (кыргыз, орус жана англис тилдеринде. – кийинки сапта, барактын ортосуна;
4. Аннотация (кыргыз, орус жана англис тилдеринде 100-200 сөз) – төмөнкү саптарда;
5. Ачкыч сөздөр (8 -10 сөз, эки саптан ашык эмес) – кийинки сапта;
6. Макаланын негизги тексти;
7. Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча тыянактар;
8. Адабияттар тизмеси.
Макаланы жарыялоо жөнүндө чечим тапшырылган материалдардын актуалдуулугун, илимий жаңылыгын, практикалык жана экономикалык маанисин эске алуу менен плагиатка текшерилгенден, эксперттик корутундудан жана рецензиялангандан кийин уюштуруу комитети жана редакциялык кеңеш тарабынан кабыл алынат.
Макаланы жарыялоо боюнча чечим кабыл алынган учурда “Илим. Билим. Техника” журналынын редакциясына белгиленген суммада төлөм жүргүзүлөт. Төлөмдүн өлчөмү: Кыргызстандын жарандары үчүн – бир бетине 150 сом; чет өлкөлүк жарандар үчүн – 5 АКШ долларын түзөт. Төлөмдү “ИБТ журналы үчүн” деген белги менен төмөнкү реквизиттерге которуу керек: Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгы, БИК: 440701; ИНН: 01103199810027; л/с: 4407011103007011. Төлөм коду: 14238900.
Уюштуруу комитетинин дареги: 723503, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Н. Исанов көчөсү, 79.
Тел.: (+996-3222)-4-20-64; ismanov1970@mail.ru – илим жана инновациялар боюнча проректору Исманов Медербек Марипжанович;
Тел.: (+996-3222)-4-20-79, samieva_uito@mail.ru – КӨЭАУнун ИИИнин директору Самиева Жыргал Токтогуловна;
Тел.: (03222) 4-20-79, ms.sharipa@bk.ru – аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Ташкулова Шарипа Баратбаевна;
Тел.: (03222) 4-20-79, nurkyz.alisherovna78@bk.ru – КӨЭАУнун “ИБТ” журналынын редактору Салиева Нуркыз Алишеровна.
Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *