Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучалар жамаатына арналган Жаңы жылдык кече болуп өттү. Аталган майрамдык иш чара КӨЭАУнун юридика-бажы факультети тарабынан уюштурулду.
Салтанаттуу кечени окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Асанович ачып берип, жалпы жамаатты келе жаткан 2024-Жаңы жылы менен куттуктап, эмгек жамаатыбыз багындырган жаңы бийиктиктер көп болуп, ар бирибиздин жеке ишибизде ийгиликтер жылмайып, аны оомат коштоп турсун. Жаңы көз караштагы, эмгекчил жаштар менен катарыбыз толуктала берсин деген тилегин билдирди.
Майрамдык кечеде юридика-бажы факультетинин таланттуу окутуучулары өз өнөрлөрүн тартуулап, оюн-зооктор менен коштолду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *