Бүгүн, 16-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде студенттер арасында юридика-бажы факультети тарабынан “Дени сак студент-күчтүү муундун негизи” аталышында шамдагайлар таймашы уюштурулду.
Аталган спорттук иш чарага университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып, студенттерди окуу менен бирге спорттун бир түрү менен алектенип, жаштар арасында университеттин атын даңазалоого үндөп, бүгүнкү өтүп жаткан иш чаранын негизги максаты студенттердин ынтымагын арттырып, достугун бекемдөө экенине токтолду.
Спорттук иш чара Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин өнүгүү стратегиялык планынын кесипке багыт берүү, университетти коомчулукка даңазалоо ишмердигинин алкагында өткөрүлдү. Шамдагайлар таймашына окуу жайдын “Достук” спорт клубу, дене тарбия мугалимдери калыстык кылып, жалпы факультет, колледждерден 9 команда катышты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *