
Акциянын ачылышында университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков сөз сүйлөп, адам укуктары ар бир адамдын жашоосундагы эң баалуу байлык экенин белгиледи. Ал студенттерге кайрылып, жакшы билим алып, мыкты юрист болуп чыгуу үчүн укугуңду гана эмес, милдетиңди да билүү маанилүү экенин эске салды.