Өрнөктүү инсандар менен жолугушуу уюштурулду.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана КӨЭАУнун 30 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында юридика-экономикалык факультети тарабынан “Жаш муундарды тарбиялоодогу өрнөктүү инсандар” аталышында жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга тарых илимдеринин доктору, профессор “Чыгыш кол жазмалары жана мурастары” фондунун жетекчиси, белгилүү тарыхчы Абытов Байболот Капарович, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин белгилүү илимпоздору чакырылган.
Иш чараны КӨЭАУнун ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович ачып, өлкөгө, элге кызмат кылууда, жаш муундарды тарбиялоодо өрнөктүү инсандарыбыздын өмүр жолу, жасаган эмгектери чоң сабак болорун белгиледи.
Кеп кезегинде Байболот Капарович Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жарык көргөн “КАРА КЫРГЫЗСКАЯ АВТОНОМНАЯ ОБЛАСТЬ:ВОЗРОЖДЕНИЕ НАЦИОНАЛЬНОЙ ГОСУДАРСТВЕННОСТИ В ЭПОХУ СОВЕТОВ” аттуу китебинде жазылган маалыматтар менен бөлүшүп, аталган китептин жазылуу тарыхына токтолуп, иш чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.
Андан соң Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштууларына кезек-кезеги менен сөз берилди. Иш чаранын жүрүшү ой-пикир, каалоо-тилектер менен коштолду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *