Студенттерге жолдо жүрүү эрежелери боюнча маалыматтар берилди
Бүгүн, 4-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Ош шаарынын аймагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-унаа кырсыктарынын жана алардын кесепеттерин алдын алууга багытталган иш чара болуп өттү.
Аталган иш чараны Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилик курамы жана КӨЭАУнун юридика-экономика факультети биргеликте уюштурду.
Мында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын башчысы, милициянын подполковниги Сайтходжаев Бахрам Хамитович студенттерге Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугу, адамдардын өмүрүнө коркунуч алып келген жагдайлар, жолдо жүрүү эрежелери, мас абалда рулга отурган фактылар боюнча баяндама жасап, жолду кесип өтүүдө атайын жөө адамдар үчүн белгиленген сызыктары бар жерлерден гана өтүү, тротуарда чоң адам ар дайым оң жакта жүрүүсү зарыл, катуу ылдамдыкта келе жаткан машинанын астынан чуркап өтпөө керек экенине токтолуп, жаштарды көчөдө жүргөндө өздөрүн тыкан алып жүрүүгө үндөдү.
Буга улай эле ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан келген конокторго сөз берилип, аталган башкармалыктын кызматкерлери студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп беришип, иш чара талкуу менен коштолду.
Иш чаранын жүрүшүндө юридика-экономика факультетинин деканы, ю.и.д. Алмагүл Көкөева келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.
______________________________
Сегодня, 4 декабря, в Кыргызско-Узбекском Международном университете состоялось мероприятие, направленное на обеспечение безопасности дорожного движения в городе Ош, предотвращение дорожно-транспортных происшествий и их последствий.
Мероприятие было организовано руководством Управления обеспечения безопасности дорожного движения МВД Кыргызской Республики совместно с юридико-экономическим факультетом КУМУ.
В ходе мероприятия начальник штаба Главного управления обеспечения безопасности дорожного движения МВД КР, подполковник милиции Сайтходжаев Бахрам Хамитович выступил перед студентами с докладом о безопасности дорожного движения в Кыргызстане, об обстоятельствах, угрожающих жизни людей, о правилах поведения на дороге и фактах вождения в состоянии алкогольного опьянения. Он акцентировал внимание на необходимости переходить дорогу исключительно на специально обозначенных пешеходных переходах, придерживаться правой стороны на тротуарах и не выбегать на дорогу перед быстро движущимся транспортом. Также он призвал молодежь быть дисциплинированными и внимательными на улице.
После этого слово было предоставлено приглашённым гостям из Управления обеспечения безопасности дорожного движения МВД, которые ответили на вопросы студентов. Мероприятие завершилось обсуждением.
В завершение декан юридико-экономического факультета, доктор юридических наук Алмагуль Кокоева выразила благодарность приглашённым гостям.
и ещё 2
Все реакции:

Вы, Акмарал Тентимишова, Oskonbay Dilishatov и ещё 50

2
7
Нравится

Комментировать
Отправить
Поделиться

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *