Өндүрүштүк байланыштар

ЮЭФте кадрларды даярдоо үчүн укук коргоо органдары, мамлекеттик жана жеке мекеме, ишкана, уюмдар менен келишимдер түзүлүп, өз ара сапаттуу, кесипкөй адистерди даярдап чыгарууга байланышкан теория менен практиканы айкалыштыруу иштери комплекстүү иш пландын, университеттин өнүгүү стратегиялык планынын негизин түзөт. Жыл боюу тынымсыз ар түрдүү форматта иш чаралар уюштурулуп, натыйжасын берип келет.
Негизги билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн окуу таанышуу, өндүрүштүк, диплом алдындагы практикага студенттер графикке ылайык келишимдин негизинде өндүрүш менен таанышып, практикаларын өтөп келишет.