КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ

«ЖЕКЕ УКУКТАР» КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ
Кыргыз-Өзбек жогорку колледжи 1994-жылдан баштап «Административдик укуктук ишмердүүлүк» адистиги боюнча орто звенодогу юристерди даярдап, орто звенодогу юрист дипломун берген.
1996-жылы «Социология жана укук» бөлүмү түзүлгөн.
1997-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын негизинде Кыргыз-Өзбек жогорку колледжи Кыргыз-Өзбек Университети болуп түзүлгөн.
1997-жылдын июль айында университеттин структуралык окуу бөлүмү болуп Юридикалык-бажы факультетинин «Материалдык жана процессуалдык укук» кафедрасы болгон.
1998-жылы «Материалдык жана процессуалдык укук» кафедрасынын негизинде окуу процессин жогорулатуу максатында факультетте үч кафедра түзүлгөн:
– «Мамлекеттик теория жана укук» кафедрасы
– «Бажы укугу» кафедрасы
– «Граждандык укук жана процесс» кафедрасы.
2000-окуу жылында «Материалдык жана процессуалдык укук» кафедрасы «Граждандык укуктук сабактар» кафедрасы болуп өзгөргөн.
2005-жылы «Граждандык укуктук сабактар» кафедрасы «Жеке укуктар» деген аталышта аты өзгөргөн.
2008-жылы сентябрь айында Кыргыз-Өзбек университетинин Юридика- бажы факультетинин базасында мамлекет боюнча юриспруденция адистиктеринин лицензиясын алуунун негизинде кафедралар бириктирилип, «Юриспруденция жана бажы иши» кафедрасы болуп түзүлгөн.
2012-окуу жылынын башында университеттин окумуштуулар кеңешинин чечими менен юридика-бажы факультетинин базасындагы «Юриспруденция жана Бажы иши» кафедрасы «Мамлекеттик укуктук сабактар» жана «Жеке укуктар» деген аталышта эки кафедрага бөлүнгөн (Буйрук №65,14.09.2012.).
Кафедра катары түзүлгөндөн тарта Холматов А., Маитов С., Самиева В.Н., Акбаров Р.Г., Мамазакиров Р.У, Т.М.Джоробековдор жетектеген.