2024-жылдын сентябрь айындагы университетибиздин окумуштуулар кеңешинин чечими менен каржы-экономикалык факультетинин студенттеринин күндүзгү окуу бөлүмү боюнча саны азайгандыгына байланыштуу, юридика-бажы факультетине кошулуп, юридика-экономикалык факультет болуп түзүлдү.
Юридика-экономика факультети, Университетибиздин Уставы, негизги тапшырмалары, «Билим берүү мыйзамы», КР өкмөтүнүн №346 токтомундагы факультет жөнүндөгү жобого ылайык, окуу-усулдук, тарбиялык, илимий иштер боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
ЮЭФтин негизги максаты: жогорку билимдүү юриспруденция, экономика, бажы иши, социалдык иш, менеджмент, бизнес информатика багыттары боюнча коомдун талабына ылайык мамлекетибиздин өнүгүүсүндө, укуктук, экономикалык, социалдык саясатты ишке ашырууга салым кошо турган жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыгаруу.
1994-жылы Кыргыз-Өзбек жогорку колледжинде орто квалификациядагы (атайын орто билимдүү) юристтерди даярдоочу 02.04 «Административдик-укуктук ишмердүүлүк» адистиги ачылган. 1996-жылы орто звенодогу юристтерди даярдоо үчүн өз алдынча «Социология жана укук» бөлүмү түзүлгөн. Бул бөлүмдүн базасында, Юридика-бажы факультети К-ӨУнин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен 1997-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Юридика-бажы факультети 1997-жылдын октябрындагы Билим, илим жана маданият министрлигинин №10/3-2 коллегиясынын чечимине ылайык «К-ӨУнин лицензиялык экспертизалары жөнүндө жыйынтыгы» АЛ №025 лицензиясынын негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.
1997-жылдан тартып тарыхый, өзгөчө татаал жолду басып өтүү менен жаркын келечектүү өнүгүүгө багыт алган факультет азыркы мезгилде «Мамлекеттик укуктук сабактар», «Жеке укуктар» кафедраларын, соттук отурумдар залын, «Криминалистика» окуу каанасын, «ТОКТОМ» маалыматтык укуктук борборун, эки компьютердик кааналарын камтуу менен юриспруденция жана бажы иши адистиги боюнча жогорку билимдүү студенттерди даярдап чыгарууда.