“Адам укугу – сенин укугуң, менин укугум” аталышында акция башталды 10-декабрь – Эл аралык адам укугу күнүнө арналган жумалык акция Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде старт алды. Иш-чара Юридика-экономика факультетинин “Мамлекеттик-укуктук…

КӨЭАУда “Адам укугу – сенин укугуң, менин укугум” аталышында акция башталды 🔷10-декабрь – Эл аралык адам укугу күнүнө арналган жумалык акция Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде старт алды. Иш-чара Юридика-экономика факультетинин “Мамлекеттик-укуктук сабактар” кафедрасы тарабынан уюштурулууда. 🔷Акциянын ачылышында университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков сөз сүйлөп, адам укуктары ар бир адамдын жашоосундагы эң баалуу байлык экенин белгиледи. Ал студенттерге кайрылып, жакшы билим алып, мыкты юрист болуп чыгуу үчүн укугуңду гана эмес, милдетиңди да билүү маанилүү экенин эске салды. ♦️Факультеттин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөева да куттуктоо сөзүн айтып, мыйзамдуулукту бекемдөө жана коррупцияга каршы күрөш татыктуу билимден башталарын белгиледи. ♦️Эскерте кетсек, жумалыктын алкагында акысыз юридикалык кеңеш берүү, мыйзам таануу боюнча сынактар, акыл таймаштар жана “Өз укугуңду бил!” аталышындагы иш-чаралар өтөт. ♦️ Жумалыктын ачылыш аземи ректордун катышуусундагы “Кол үзүмдөрү” аталышындагы оюн менен улантылып, суроолорго туура жооп берген катышуучуларга факультет тарабынан белектер тапшырылды. ✅ Ошондой эле социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Сыргак Сарыков башында турган жетекчилер жана окутуучулар да активдүү катышышып, адам укуктарына байланыштуу суроолорго жооп берип, белектер менен сыйланды. 📸 Коммуникация жана медиа департаменти ****** ✅ В КУМУ стартовала акция под названием «Права человека – твои права, мои права» 🔷 В рамках 10 декабря — Международного дня прав человека — в Кыргызско-Узбекском международном университете началась недельная акция. Мероприятие организовано кафедрой «Государственно-правовых дисциплин» юридико-экономического факультета. 🔷 На открытии акции с приветственной речью выступил ректор университета, профессор Абдилбает Мамасыдыков, отметив, что права человека являются самым ценным достоянием в жизни каждого. Обращаясь к студентам, он подчеркнул, что для того, чтобы стать грамотным юристом, важно знать не только свои права, но и обязанности. ♦️ Декан факультета, доктор юридических наук, профессор Алмагуль Көкөева также выступила с поздравительной речью, отметив, что укрепление законности и борьба с коррупцией начинаются с качественного образования. ♦️ В рамках недели пройдут бесплатные юридические консультации, конкурсы по правоведению, интеллектуальные игры и мероприятия под названием «Знай свои права!». ♦️ Торжественное открытие недели продолжилось игрой «Кол үзүмдөрү» с участием ректора, в ходе которой участники, правильно ответившие на вопросы, были награждены подарками от факультета. ✅ Также активное участие приняли проректор по социальным вопросам и государственному языку Сыргак Сарыков, руководство и преподаватели, которые отвечали на вопросы по правам человека и были отмечены подарками.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Параюридикалык ишмердүүлүк” темасында окуу семинары өткөрүлдү 🔷 Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Юридика-экономика факультетинин демилгеси менен “Параюридикалык ишмердүүлүк” аттуу окуу курсунун алкагында тематикалык семинар болуп өттү. 📍Иш-чаранын башкы максаты — жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларына “параюридикалык ишмердүүлүк” багытындагы курстарды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо жана тажрыйба алмашуу болду. 📍Семинардын жүрүшүнө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева расмий ачылыш сөзү менен катышып, бардык катышуучуларды куттуктап, ийгиликтерди каалады. 📍Иш-чаранын төрайымы — белгилүү эксперт Карабалаева Салтанат Болотовна болду. Ал өз сөзүндө семинарды жылуу маанайда уюштурган университет жамаатына терең ыраазычылык билдирип өттү. 📍Ошондой эле юридика-экономика факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөева да куттуктоо сөзүн сүйлөп, семинардын максаты, мазмуну жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, катышуучуларга ийгилик каалады. 📍Семинарга Ош, Манас жана Баткен шаарларындагы бир катар жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү оффлайн жана Zoom платформасы аркылуу онлайн катышышты. 📍Иш-чаранын алкагында эксперт Илимбек Садыков жана төрайым Салтанат Болотовна өз баяндамаларын сунуштап, “параюридикалык ишмердүүлүктүн” келечектеги ролу жана билим берүү системасындагы орду тууралуу маанилүү ойлорду бөлүшүштү. 📍Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти Салия Тайлакова «параюридикалык ишмердүүлүк» дисциплинасы боюнча баяндама жасады. 📍Бул иш-чара параюристтерди даярдоо ишмердүүлүгүнө багыт берип, жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болду.Ош, Манас жана Баткен шаарларындагы ЖОЖдордун билим берүү программаларына “Параюридикалык ишмердүүлүк” окуу курсун киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган семинарга жигердүү катышкандыгы үчүн катышуучулар атайын сертифкаткат ээ болушту. 📸 Коммуникация жана медиа департаменти ***** 🔴 В Кыргызско – Узбекском Международном университете прошёл учебный семинар на тему “Параюридическая деятельность” 🔷 По инициативе Юридико-экономического факультета Кыргызско-Узбекского Международного университета состоялся тематический семинар в рамках учебного курса “Параюридическая деятельность”. 📍Главная цель мероприятия — обсудить возможности включения курсов по направлению “параюридическая деятельность” в образовательные программы высших учебных заведений, а также обменяться опытом. 📍Семинар официально открыла проректор по учебной работе, доктор философских наук, профессор Аида Балтабаева, поздравив всех участников и пожелав успехов. 📍Председателем мероприятия выступила известный эксперт Салтанат Болотовна Карабалаева, которая выразила глубокую благодарность коллективу университета за тёплый приём и качественную организацию семинара. 📍Декан Юридико-экономического факультета, доктор юридических наук, профессор Алмагуль Кокоева также выступила с приветственным словом, подробно рассказав о целях, содержании и значимости семинара, пожелав участникам продуктивной работы. 📍В семинаре приняли участие представители ряда высших учебных заведений городов Ош, Манас и Баткен — как оффлайн, так и онлайн через платформу Zoom. 📍В рамках мероприятия эксперт Илимбек Садыков и председатель Салтанат Болотовна представили свои доклады, поделившись важными мыслями о будущем роли “параюридической деятельности” и её месте в системе образования. 📍Доцент кафедры теории и истории государства и права Кыргызско-Российского Славянского университета им. Б. Н. Ельцина Салия Тайлакова выступила с докладом по дисциплине «Параюридическая деятельность». 📍Данное мероприятие позволило определить вектор подготовки параюристов и способствовало укреплению сотрудничества между вузами. Активные участники семинара получили специальные сертификаты за вклад в обсуждение внедрения курса “Параюридическая деятельность” в образовательные программы вузов Оша, Манаса и Баткена. 📸 Департамент коммуникаций и медиа #КӨЭАУ #ПараюридикалыкИшмердүүлүк #ЮридикаЭкономикаФакультети #Семинар #БилимБерүү #Параюрист #Кызматташтык #ЖОЖ #КУМУ #ПараюридическаяДеятельность #ЮрЭконФакультет #Семинар #Образование #Сотрудничество #ВУЗ #Ош #Манас #Баткен

Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Юридика-экономика факультети менен биргеликте жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүштү.