Курамы

Профессордук-окутуучулар курамы жөнүндө маалымат

Юридика-экономикалык факультетинин «Мамлекеттик-укуктук сабактар» кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жогорку юридикалык билимдүү, кесиптик компетенттүүлүккө ээ жана укуктук чөйрөдө натыйжалуу иш алып барууга жөндөмдүү адистерди даярдоо багытында иш алып барат. Кафедрада жалпы 12 профессордук-окутуучу эмгектенет. Алардын ичинен 1 окутуучу юридика илимдеринин доктору, 3 окутуучу юридика илимдеринин кандидаты, ал эми 8 окутуучу окутуучулук кызматты аркалашат.

 

Кафедранын негизги ишмердүүлүгү укуктук билим берүүнүн сапатын камсыз кылууга, студенттердин теориялык билимдерин тереңдетүүгө жана аларды практикалык ишмердүүлүктө колдоно билүү жөндөмдөрүн калыптандырууга багытталган.

Профессордук-окутуучулар курамы тарабынан студенттердин укуктук ой жүгүртүүсүн, аналитикалык жөндөмдөрүн, ченемдик-укуктук актыларды талдоо жана колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган окуу-методикалык иштер системалуу жүргүзүлөт. Практикалык сабактардын жүрүшүндө укуктук кырдаалдарды талдоо, юридикалык маселелерди чечүү, укуктук документтерди даярдоо жана кесиптик чечимдерди негиздөө ыкмалары колдонулат. Мындай окутуу усулдары студенттердин теориялык даярдыгын практикалык компетенциялар менен айкалыштырууга шарт түзөт.

Юристтерди даярдоо процессинде кесиптик этиканы сактоо, мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин кармануу, адамдын укуктары менен эркиндиктерин урматтоо, юридикалык жоопкерчиликти аң-сезимдүү түшүнүү менен сапаттарды калыптандырууга өзгөчө маани берилет. Ошону менен бирге студенттердин өз алдынча иштөө, илимий-изилдөө жүргүзүү, укуктук көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды укуктук негизде чечүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү кафедранын ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарын түзөт.

Кафедранын профессордук — окутуучулар курамы окуу-методикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү аркылуу юридикалык билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүүгө жана адистерди даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошот.

Кафедранын негизги максаты — мыйзамдуулук принциптерин жетекчиликке алган, терең теориялык билимге жана практикалык даярдыкка ээ, кесиптик милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууга жөндөмдүү юристтерди даярдоо.