Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Параюридикалык ишмердүүлүк” темасында окуу семинары өткөрүлдү 🔷 Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Юридика-экономика факультетинин демилгеси менен “Параюридикалык ишмердүүлүк” аттуу окуу курсунун алкагында тематикалык семинар болуп өттү. 📍Иш-чаранын башкы максаты — жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларына “параюридикалык ишмердүүлүк” багытындагы курстарды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо жана тажрыйба алмашуу болду. 📍Семинардын жүрүшүнө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева расмий ачылыш сөзү менен катышып, бардык катышуучуларды куттуктап, ийгиликтерди каалады. 📍Иш-чаранын төрайымы — белгилүү эксперт Карабалаева Салтанат Болотовна болду. Ал өз сөзүндө семинарды жылуу маанайда уюштурган университет жамаатына терең ыраазычылык билдирип өттү. 📍Ошондой эле юридика-экономика факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөева да куттуктоо сөзүн сүйлөп, семинардын максаты, мазмуну жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, катышуучуларга ийгилик каалады. 📍Семинарга Ош, Манас жана Баткен шаарларындагы бир катар жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү оффлайн жана Zoom платформасы аркылуу онлайн катышышты. 📍Иш-чаранын алкагында эксперт Илимбек Садыков жана төрайым Салтанат Болотовна өз баяндамаларын сунуштап, “параюридикалык ишмердүүлүктүн” келечектеги ролу жана билим берүү системасындагы орду тууралуу маанилүү ойлорду бөлүшүштү. 📍Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти Салия Тайлакова «параюридикалык ишмердүүлүк» дисциплинасы боюнча баяндама жасады. 📍Бул иш-чара параюристтерди даярдоо ишмердүүлүгүнө багыт берип, жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болду.Ош, Манас жана Баткен шаарларындагы ЖОЖдордун билим берүү программаларына “Параюридикалык ишмердүүлүк” окуу курсун киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган семинарга жигердүү катышкандыгы үчүн катышуучулар атайын сертифкаткат ээ болушту. 📸 Коммуникация жана медиа департаменти ***** 🔴 В Кыргызско — Узбекском Международном университете прошёл учебный семинар на тему “Параюридическая деятельность” 🔷 По инициативе Юридико-экономического факультета Кыргызско-Узбекского Международного университета состоялся тематический семинар в рамках учебного курса “Параюридическая деятельность”. 📍Главная цель мероприятия — обсудить возможности включения курсов по направлению “параюридическая деятельность” в образовательные программы высших учебных заведений, а также обменяться опытом. 📍Семинар официально открыла проректор по учебной работе, доктор философских наук, профессор Аида Балтабаева, поздравив всех участников и пожелав успехов. 📍Председателем мероприятия выступила известный эксперт Салтанат Болотовна Карабалаева, которая выразила глубокую благодарность коллективу университета за тёплый приём и качественную организацию семинара. 📍Декан Юридико-экономического факультета, доктор юридических наук, профессор Алмагуль Кокоева также выступила с приветственным словом, подробно рассказав о целях, содержании и значимости семинара, пожелав участникам продуктивной работы. 📍В семинаре приняли участие представители ряда высших учебных заведений городов Ош, Манас и Баткен — как оффлайн, так и онлайн через платформу Zoom. 📍В рамках мероприятия эксперт Илимбек Садыков и председатель Салтанат Болотовна представили свои доклады, поделившись важными мыслями о будущем роли “параюридической деятельности” и её месте в системе образования. 📍Доцент кафедры теории и истории государства и права Кыргызско-Российского Славянского университета им. Б. Н. Ельцина Салия Тайлакова выступила с докладом по дисциплине «Параюридическая деятельность». 📍Данное мероприятие позволило определить вектор подготовки параюристов и способствовало укреплению сотрудничества между вузами. Активные участники семинара получили специальные сертификаты за вклад в обсуждение внедрения курса “Параюридическая деятельность” в образовательные программы вузов Оша, Манаса и Баткена. 📸 Департамент коммуникаций и медиа #КӨЭАУ #ПараюридикалыкИшмердүүлүк #ЮридикаЭкономикаФакультети #Семинар #БилимБерүү #Параюрист #Кызматташтык #ЖОЖ #КУМУ #ПараюридическаяДеятельность #ЮрЭконФакультет #Семинар #Образование #Сотрудничество #ВУЗ #Ош #Манас #Баткен

Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *