Билим берүү мекемелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды
Кечээ, 19-июнда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Мамлекеттин укуктук саясатын ишке ашырууда билим берүү мекемелеринин ролу, учурдагы абалы жана келечеги” аталышында тегерек стол болуп өттү.
Аталган тегерек стол эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негезинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициясынын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун түзүлгөндүгүнүн 55 жылдыгына жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата уюштурулду.
Тегерек столду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып берди. Андан соң чакырылган коноктор докладдарын жасап, тегерек стол суроо-жооп, талкуулар менен коштолду. Уюштуруу иштерин юридика-бажы факультети колго алган.
КӨЭАУнун маалымат кызматы