Бүгүн, 2024-жылдын 21-ноябрында КӨЭАУнун башкы имаратындагы чоӊ жыйындар залында юридика-экономика жана тарых-филология факультеттеринин 1-курстарын тосуп алуу «Ыйгарым» аземи өткөрүлдү. Иш чара университеттин жетекчилигинин, профсоюз уюмунун жана декандардын куттуктоо сөзү менен башталды.
Жетекчилер кабыл алуу иш чарасы салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлөөрүн белгилеп, 1-курстарды расмий түрдө “студент” деген статуска ээ болушу менен куттуктады. Ошондой эле окууларыны ийгиликтерди каалап, жакшы окуп, мамлекетибиздин өнүгүшүүнө өз салымыӊарды кошкула деген тилектерин билдиришти. Биринчи курстарга студенттик билеттер тапшырылган соӊ, жалпы 1-курстун студенттери жакшы окууга, университетке аяр мамиле кылууга жана иш чараларга активдүү катышууга ант беришти.
Бүтүрүүчү курстун студенттеринин куттуктоосунан кийин иш чаранын майрамдык бөлүгү башталды. Салтанаттын жүрүшүндө 1-курстун таланттуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик номерлер аткарылып залдагы көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *