Навигация по записям Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Юридика-экономика факультети менен биргеликте жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүштү. КӨЭАУда “Адам укугу – сенин укугуң, менин укугум” аталышында акция башталды 🔷10-декабрь — Эл аралык адам укугу күнүнө арналган жумалык акция Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде старт алды. Иш-чара Юридика-экономика факультетинин “Мамлекеттик-укуктук сабактар” кафедрасы тарабынан уюштурулууда. 🔷Акциянын ачылышында университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков сөз сүйлөп, адам укуктары ар бир адамдын жашоосундагы эң баалуу байлык экенин белгиледи. Ал студенттерге кайрылып, жакшы билим алып, мыкты юрист болуп чыгуу үчүн укугуңду гана эмес, милдетиңди да билүү маанилүү экенин эске салды. ♦️Факультеттин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөева да куттуктоо сөзүн айтып, мыйзамдуулукту бекемдөө жана коррупцияга каршы күрөш татыктуу билимден башталарын белгиледи. ♦️Эскерте кетсек, жумалыктын алкагында акысыз юридикалык кеңеш берүү, мыйзам таануу боюнча сынактар, акыл таймаштар жана “Өз укугуңду бил!” аталышындагы иш-чаралар өтөт. ♦️ Жумалыктын ачылыш аземи ректордун катышуусундагы “Кол үзүмдөрү” аталышындагы оюн менен улантылып, суроолорго туура жооп берген катышуучуларга факультет тарабынан белектер тапшырылды. ✅ Ошондой эле социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Сыргак Сарыков башында турган жетекчилер жана окутуучулар да активдүү катышышып, адам укуктарына байланыштуу суроолорго жооп берип, белектер менен сыйланды. 📸 Коммуникация жана медиа департаменти ****** ✅ В КУМУ стартовала акция под названием «Права человека – твои права, мои права» 🔷 В рамках 10 декабря — Международного дня прав человека — в Кыргызско-Узбекском международном университете началась недельная акция. Мероприятие организовано кафедрой «Государственно-правовых дисциплин» юридико-экономического факультета. 🔷 На открытии акции с приветственной речью выступил ректор университета, профессор Абдилбает Мамасыдыков, отметив, что права человека являются самым ценным достоянием в жизни каждого. Обращаясь к студентам, он подчеркнул, что для того, чтобы стать грамотным юристом, важно знать не только свои права, но и обязанности. ♦️ Декан факультета, доктор юридических наук, профессор Алмагуль Көкөева также выступила с поздравительной речью, отметив, что укрепление законности и борьба с коррупцией начинаются с качественного образования. ♦️ В рамках недели пройдут бесплатные юридические консультации, конкурсы по правоведению, интеллектуальные игры и мероприятия под названием «Знай свои права!». ♦️ Торжественное открытие недели продолжилось игрой «Кол үзүмдөрү» с участием ректора, в ходе которой участники, правильно ответившие на вопросы, были награждены подарками от факультета. ✅ Также активное участие приняли проректор по социальным вопросам и государственному языку Сыргак Сарыков, руководство и преподаватели, которые отвечали на вопросы по правам человека и были отмечены подарками.