“Мен өз укугумду билемин”
Юридика-бажы факультетинде 10-декабрь-Эл аралык адам укугу күнүнө карата “Мен өз укугумду билемин” аталышында студенттердин командалык жарышы өттү.
Жалпысынан 5 команда катышып, 4 этап боюнча өздөрүнүн билимдерин сынашты.
Иш чара мамлекет кепилдеген юридикалык акысыз жардам көрсөтүү мамлекеттик декадасынын алкагында уюштурулуп, жеңүүчү командалар факультет тарабынан атайын сыйлыктар менен сыйланышты.
Юридика-бажы факультетинин деканы Алмагүл Көкөева иш чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыгын айтып, студенттерди дайыма активдүү болууга үндөп, университеттин, анын ичинде факультеттин атын даңазалап жүрө бергиле деген каалоосун билдирди.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *