Юридика-бажы факультетинин Юридикалык клиникасы, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Юридика-бажы факультетинин базасынын түзүмдүк курамында 2016-жылдын сентябрь айында түзүлгөн. Каалоочу жарандарга, студенттерге, окутуучуларга акысыз юридикалык кеңеш берүү менен укуктук жардам көрсөтөт.
Юридикалык Клиника Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин башкы имаратында төмөндөгү дарек боюнча жайгашкан: Ош шаары, Г.Айтиев көчөсү 27, Юридика-бажы факультети 201-каана.
Юридикалык Клиника өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштурууда төмөндөгү принциптерге таянат:
-Юридикалык Клиниканын ишмердүүлүгүн адилеттүү уюштуруу;
-юридикалык жардам көрсөтүүнү акысыз камсыз кылуу;
-мыйзамдуулукту орнотуу;
-демократиялуулукту ,гумандуулукту сактоо;
-адам укуктарын, эркиндиктерин,кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү;
-Юридикалык Клиникадан укуктук жардамды өз ыктыяры менен алууга шарт түзүү;
-маалыматтын жашыруундуулугун сактоо,
-Юридикалык Клиниканын кызматкерлерине тараптардын ишенимдүүлүгүн арттыруу;
-өз иш-милдеттерин ишке ашырууда ЮК өзүн-өзү башкаруусу жана көз карандысыздыгы;
– өз милдеттерин ак ниеттүү аткаруу;
Клиниканын максаттары жана тапшырмалары:
максаты:
- КР да мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, укуктук маданиятты нүктүрүүг кмктшүү;
- Жарандардын укуктарын, эркиндик, кызыкчылыктарын коргоо;
- Студенттерге, окутуучуларг аукуктук маалыматты жайылтуу;
- Студенттерди сапаттуу даярдоого шарт түзүүнү ишке ашыруу жана сапаттуу билим алуусун камсыздоо;
- Акысыз юридикалык жардам берүү;
- ЮБФнин жана укук таануу адистигинде окууган студенттерге практика үчүн шарттарды түзүү;
- Студенттердин практикалык билимдерин жана илимий-изилд иштерин ркүндтүү ;
- Мекеме, ишкана, уюмдар жана бардык укук коргоо тармагы менен байланыштарды, з ара кызматташтыкты өнүктүрүү.
тапшырмалары:
- Жарандардын жана аз камсыз болгон категориядагы жарандардын, студенттердин, окутуучулардын акысыз юридикалык жардамдарды алуу үчүн оозеки жана жазуу түрүнд жардам крстүү;
- КРнын мыйзамдарына ылайык өкүл же коргоочу катары сот отурумуна катышуу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, кызыкчылыктарын коргоо;
- КыргызРеспубликасынын укуктук нүгүшүн салым кошууга кмктшүү, укуктук маданиятты жайылтуу, укуктук тартипти орнотуу;
- Студенттердин билим сапатын жогорулатууну ишке ашыруу;
- Укуктук кйгйлр боюнча семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу жана ткрүү,укуктук системаны жакшыртуу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
2022-жылдын 5-октябрь күнү Кыргызстандын Юридикалык Клиникалар Ассоциациясынын президенти ю.и.к. Бакиров Артур Жылдызбекович жана Фергана өрөөнүнүн юристтери бирикмесинин директору, юрист Ашуров Азизбек Джусупбекович Юридика-бажы факультетинин Юридикалык клинкасына USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Укуктук аймак” долбоорунун алкагында миграциялык укук боюнча Юридикалык клиниканын базасында ишке ашырууга багыттап, студенттер үчүн лабараториялык жабдууларды жана окуу китептерин белеке беришти. Аталган иш-чарага окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, Эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция боюнча проректор, профессор Аида Тынайбековна жана ЮБФнын деканы ю.и.д., профессор Алмагүл Мухтарбековна катышып ыраазычылыктарын билдиришти